29 - Октябрь Республика майрамы кубанычы

Республиканын жарыяланышынын 97 -  жылы өлкөдө, өлкө тышындагы өкүлчүлүктөрдө жана Түндүк Кипр Түрк Республикасында  белгиленет.

1517860
29 -  Октябрь Республика майрамы кубанычы

 Республиканын жарыяланышынын 97 -  жылы өлкөдө, өлкө тышындагы өкүлчүлүктөрдө жана Түндүк Кипр Түрк Республикасында  белгиленүүдө.

Борбор Анкарадагы биринчи азем республиканын куруучусу Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү коюлган мавзолейде өткөрүлдү. Президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигиндеги мамлекеттик кызматкерлер Түркия республикасынын курулушунун 97  жылдыгынан улам мавзолейди зыярат кылды. Эрдоган жана коштоосундагы делегация бул жерде Мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейине гүл чамбар койду. 

Эрдоган мавзолейдин атайын дептерине : "Өлкөбүздүн жолун тосууга карата ичкериден жана тыштан келген кол салуулар күрөшүүбүздү күчтөндүрүп, чечкиндүүлүгүбүздү дагы да арттырууда. Жеңиш менен толгон шаңдуу өткөн күнүбүздөн күч алып биримдик жана бир туугандык ичинде орток келечегибизге карай жүрүүнү улантабыз",- деп жазды. 

Аземден кийин мавзолей жарандардын зыяратына ачылды. 

Борбор шаар Анкарадагы биринчи азем мавзолейде өткөрүлөт. Президент Р. Т. Эрдоган жана коштоосундагы делегация Ататүрктүн мавзолейине гүл чамбар коёт.

Мавзолейдеги салтанаттан кийин майрамдык салтанаттар Президенттик комплексте улантылат. Президент Эрдоган 29 -  Октябрь куттуктоолорун кабыл алат. Эрдогандын бул өзгөчө күнгө карата Бештепеде "Көз карандысыздык согушунун көргөзмөсүн" ачышы күтүлүүдө.

Борбор шаардагы майрамдык кубаныч "Республика Күнү Кортежи" менен улантылат. Түркия Улуттук Парламентинде баштала турган  параддык жүрүш Биринчи Парламентте аяктайт.

29 -  Октябрь майрамына карата борбор шаарда кээ бир негизги проспектилер унааларга жабылат.  Майрамга карата иш чаралар бул салтанаттара менен эле чектелбейт.

Коммуникация башкармалыгынын жетекчилигинде Анталиядагы Патара байыркы шаарында Президенттиктин симфониялык оркестры да  Түркия убактысы боюнча 19 : 23тө Чоң Республика концертин өткөрөт.

Өзгөчө Жер Ортолук деңизде  97 чумкугуч менен атайын суу астынан жарыктандыруу шоусу көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар