Коргоо министри Хулуси Акар Казакстанда

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн  барган Казакстанда премьер  - министр Аскар Мамин менен жолугушту.

1516171
Коргоо министри Хулуси Акар Казакстанда

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн  барган Казакстанда премьер  - министр Аскар Мамин менен жолугушту.

Казакстандын коргоо министри Нурлан Эрмекбаев менен өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбут Атакулов да катышкан жолугушууда аймактык, эки тараптуу коопсуздук жана коргонуу темалары менен коргоо өнөр жайында кызматташуу тууралуу пикир алышууларда болушту.

Жолугушууда министр Акар тарабынан Түркия менен Казакстандын ортосундагы орток тарых, орток баалууктар жана бир туугандык байланыштардын мааниси баса белгиленип, аскердик машыктыруу жана кызматташуу, коргонуу өнөр жайы тармактарындагы карым  - катнаштардын өнүгүү менен улантылышы керектиги белгиленди.

Акар, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун өнүгүшүнүн бир гана Түркия жана Казакстан үчүн эмес, аймактын тынчтыгы жана ырааттуулугу үчүн да мааниге ээ экендигин, президенттик деңгээлде түзүлгөн меморандумдун негизинде  сызылган алкакта керектүү кызматташуунун ылдам түзүлүшү керектигин айтты.

Министр Акар андан кийин Казакстандын Улуттук Гавардия бөлүктөрүнүн башкы командири, генерал – майор Руслан Жакшылыков менен да жолугушту.



Тектеш кабарлар