Улуттук коргоо министрлиги ANCA-20 машыгуусун ийгиликтүү аяктады
Улуттук Коргоо министрлиги (MSB) ANCA-20 (Anadolian Lynx 2020) машыгуусу ийгиликтүү аяктаганын билдирди.
1515346
Улуттук Коргоо министрлиги (MSB) ANCA-20 (Anadolian Lynx 2020) машыгуусу ийгиликтүү аяктаганын билдирди.
Министрликтин Твиттердеги аккаунтунда, « Өтө жогорку даярдыктын биргелешкен ыкчам күчү 2021 бригадасы болуп дайындалган 66-механизацияланган жөө аскерлер бригадасынын командирлик бөлүктөрүнүн НАТОнун Күжүрмөн даярдык инспекциясы жана сертификациялоосу ишке ашырылган ANCA-20 машыгуусу ийгиликтүү аяктады»,делди.
Бөлүшүүгө ошондой эле НАТОнун байкоочуларынын көзөмөлү астында 2 миң 306 кызматкер жана 628 унаанын катышуусунда 14 казармада өткөрүлгөнү айтылган машыгуунун сүрөттөрү камтылды.