Коронавирус: Түркияда соңку абал
Акыркы 24 саатта вирустан 74 киши көз жумду.
1512752
Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 74 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 9 миң 445 деп катталды.
Бир сутканын ичинде 116 миң 565 тест жасалып, 1 миң 894 кишиде вирус аныкталды.
Ооруканадан айыгып чыккан 1 миң 512 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 306 миң 939га жогорулады.