Чавушоглу терроризм менен күрөшүүдөгү кош стандарттуулукту баса белгиледи

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу,Анталия дипломатия форуму (ADF) жана Мальтада жайгашкан Эл аралык Акыйкаттык жана Мыйзамдуулук институту (IIJ) биргеликте уюштурган онлайн түрүндөгү жыйында сөз сүйлөдү.

1509732
Чавушоглу терроризм менен күрөшүүдөгү кош стандарттуулукту баса белгиледи

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, бир террордук уюм башка террордук уюм менен күрөшүүдө өнөктөш боло албай турганын айтты.

Мевлүт Чавушоглу, Анталия дипломатия форуму (ADF) жана Мальтада жайгашкан Эл аралык Акыйкаттык жана мыйзамдуулук институту (IIJ) биргеликте уюштурган «Пандемиялык шарттарда терроризмге каршы күрөшүү аракеттери» деп аталган онлайн жолугушууда сөз сүйлөдү.

Терроризм менен күрөшүүдө кош стандарттарды жаратпашы керектигине көңүл бурган Чавушоглу: «Бир террористтик уюм башка террордук уюмга каршы күрөштө өнөктөш боло албайт. Террордук уюмдарды «Бизди коркутпайт, башкаларды коркутат»,- деп көрмөксөнгө сала албайбыз. Террористтик пропаганданы мыйзамдуу жана негиздүү деп эсептей албайбыз»,-деп айтты.

Мындай кырдаал дүйнөнүн көп жерлеринде болуп жаткандыгына токтолгон Чавушоглу:«Террорчуларга сөз эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбеши керек. Биз сөз эркиндигин колдойбуз, бирок террористтик уюмдарга бул эркиндикти кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбеши керек»,- деди.

Коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) чет элдик террористтерге каршы туруудан алаксытпашы керектигин белгилеген Чавушоглу: «Чет элдик террористтер сот жообуна тартылып, калыбына келтирилиши керек. Терроризм чек араны билбейт. Бул глобалдык көйгөйдү күчтүү эл аралык кызматташтык гана чече алат»,-деп айтты.

Түркия  ДЕАШ менен күрөшүү үчүн аянтка бөлүктөрү менен кирген жалгыз өлкө экенин баса белгилеген Чавушоглу: «Биз Сирияда ДАЕШтан 2 миң чарчы километр аянтты тазалап, 2016-жылы «Евфрат калканы» операциясында гана 3 миң ДАЕШ мүчөсүн зыянсыздандырдык. Биз Иракта 800гө жакын ДЕАШ согушкерин зыянсыздандырдык»,-деди.

Түркия эл аралык коомдук пикирдин ДЕАШка каршы күрөшүн активдүү колдогонун айткан Чавушоглу: «Түркия биздин ыйык ислам дининин жамынып алган ДЕАШ жана Аль-Каида түрүндөгү кыянаттык менен иш алып барган уюмдарынын тамырларын казып жатат. Биз бул идеологияларды түп-тамыры менен жок кылабыз»,-деп кошумчалады.

Терроризм менен эч кандай айырмалабастан күрөшүү керектигин баса белгилеген Чавушоглу, ДЕАШ жана Аль-Каида түрүндөгү уюмдардын бир гана Сирия жана Түркия үчүн коркунуч эмес көптөгөн Африка өлкөлөрү үчүн да коркунуч экендигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар