Зеленский эртең Түркияга келет

Сапар учурунда эки өлкөнүн ортосунда аскердик кызматташтык келишимине кол коюлат.

1508947
Зеленский эртең Түркияга келет

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин эртең Түркияга сапар жасай турганы билдирилди.

Украин өкмөтүнүн билдирүүсүнө караганда, Зеленскийдин 15-17-октябрь күндөрүнүн аралыгында Түркияга жасай турган сапары учурунда эки өлкөнүн ортосунда аскердик кызматташтык келишимине кол коюлат.

Билдирүүдө сөздөрүнө орун берилген Украинанын коргоо министри Андрий Таран июль айында Киевде улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен жолугушкандыктарын эске салып, кол коюла турган келишимдин Кара деңиздеги коопсуздук жана тынчтыкка болгон убадаларды чагылдырарын билдирди.



Тектеш кабарлар