УКМ: «Эл аралык коомчулук Арменияга каршы чыгышы керек»
Улуттук Коргоо министрлигинин (УКМ) Твиттер эсебинен жарыяланган билдирүүдө, Армениянын ок атышпоо режимин бузуп (кечээ күчүнө кирген) жарандык калктуу конуштарга кол салгандан кийинки кыйроонун сүрөттөрү камтылды.
Түркия, эл аралык коомчулуктун, ок атышпоо режимин бузуп Азербайжанда жарандык калктуу конуштарга ракеталар менен кол салган Арменияга каршы үнүн бийик чыгаруу чакырыгын салды.
Улуттук Коргоо министрлигинин (УКМ) Твиттер эсебинен жарыяланган билдирүүдө, Армениянын ок атышпоо режимин бузуп (кечээ күчүнө кирген) жарандык калктуу конуштарга кол салгандан кийинки кыйроонун сүрөттөрү камтылды.
Билдирүүдө, «Армения согуш кылмыштарын жана адамзатка каршы кылмыштарды жасап, эми ок атышпоо режимин бузуп жатат. Армения ок атышпоо режиминде дагы жарандык конуштарга кол салууну улантууда. Эл аралык коомчулук Арменияга каршы чыгышы керек»,делди.
Армения ок атпоо режимин бузуп түнкүсүн Азербайжандын Генже шаарына кол салуудан 7 жаран каза болуп, 33 жаран жаракат алды. Урандылардын алдында издөө-куткаруу иштери уланууда.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.