Түркиянын жээк сууларында качкындар куткарылды

Грек элементтери тарабынан Түркиянын жээк сууларына түртүлгөндүгү аныкталган 11 киши кургактыкка чыгарылды.

1505295
Түркиянын жээк сууларында качкындар куткарылды

Мугланын Мармарис районунун жээктеринде Грециянын жээк күзөтчүлөрү тарабынан Түркиянын аймактык сууларына түртүлгөн 11 чет элдик жаран куткарылды.

Мармаристин жээктеринде резина кайыкта качкындардын бар экендиги жөнүндөгү маалыматтан кийин Жээк коопсуздугу командирлигинин топтору аймакка жөнөштү.

Кызматкерлер, грек элементтери тарабынан Түркиянын жээк сууларына түртүлгөндүгү аныкталган 11 кишини кургактыкка чыгарышты.

Мармарис портуна алып келинген качкындар Облустук иммиграция директорлугуна өткөрүлүп берилди.



Тектеш кабарлар