Чавушоглу Маас жана Дендиас менен жолукту

Чавушоглу, Словакияда  быйыл 15-жолу өткөрүлүп жаткан Братислава Глобалдык коопсуздук форумуна (GLOBSEC) барып жолугушууларды өткөрдү.

1505312
Чавушоглу Маас жана Дендиас менен жолукту
cavusoglu maas.jpg

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, Словакияда  быйыл 15-жолу өткөрүлүп жаткан Братислава Глобалдык коопсуздук форумуна (GLOBSEC) барып, Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас менен жолугушту.

Чавушоглу Словакияда ошондой эле Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиас менен да жолугушту.

Эки министр эки тараптуу жана аймактык маселелерди, анын ичинде Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги чыңалууну талкуулашты.

Министр Чавушоглу, "Түркиянын аймактык жана глобалдык коопсуздуктагы ролу» аттуу диспутка катышты.

Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги укугу көрмөксөнгө салынганын айтты.

Түркия бир нече жылдан бери адилеттүү бөлүшүү чакырыктарын салганын, буга эч ким кулак салбай койгон соң 2018-жылы бургулоо иштерин баштагандыгын белгилеген Чавушоглу,  Грециянын максималисттик мамилени көрсөткөнүн айтты.

Тоолуу Карабах маселесине токтолгон Чавушоглу, аймактын 30 жылдан бери Армениянын оккупациясы астында болгонун эске салып, тынчтыкчыл жана сүйлөшүү жолу менен чечүү жөнүндөгү билдирүү жасады.



Тектеш кабарлар