АКШлык эл өкүлү Чабот:«Түркия абдан маанилүү жана күчтүү өлкө»

Түркия-АКШ достук тобунун төрагасы, республикачыл Стив Чабот, Түркиянын абдан маанилүү жана күчтүү өлкө экендигин айтты.

1504621
АКШлык эл өкүлү Чабот:«Түркия абдан маанилүү жана күчтүү өлкө»

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Конгрессинин Өкүлдөр палатасында Огайо эл өкүлү жана Түркия-АКШ достук тобунун төрагасы, республикачыл Стив Чабот, Түркиянын абдан маанилүү жана күчтүү өлкө экендигин айтты.

Түрк-Америка Улуттук багыттоо комитети (TASC) тарабынан уюштурулган онлайн панелине катышкан Чабот, Түркия-Америка карым-катнаштарынын маанилүүлүгүн баса белгилеп, эки НАТО союздашынын бири-бири үчүн баалуу экендигин түшүндүрдү.

Ошондой эле Өкүлдөр палатасынын Эл аралык байланыштар комитетинин мүчөсү Чабот:«Түркия АКШ үчүн ар дайым абдан маанилүү өнөктөш болуп келген. Учурда белгилүү болгондой Орусиядан алынган абадан коргонуу пакеттери Пентагондо жана Конгрессте айрым кооптонууларды жараткан. Биз муну ашып өтүшүбүз керек. Түркия абдан маанилүү жана күчтүү өлкө. НАТО Биз шериктешпиз жана доспуз, менимче, бул көйгөйдү качандыр бир кезде жеңишибиз керек»,-деп айтты.

НАТО дагы деле болсо маанилүү шериктештик болгонун баса белгилеген Чабот, ишенбөөчүлүктөрү арткан ушул мезгилде АКШ менен Түркия сыяктуу эки  маанилүү шериктештин аймактык коопсуздук жагынан  маанилүү ролдорду ойногонун айтты.

АКШлык эл өкүлү, жаңы түрдөгү коронавируска каршы күрөштө өлкөсүнө жардам бергендиги үчүн Түркияга жана түрк элине ыраазычылыгын билдирди.



Тектеш кабарлар