Түркиянын "Генже" билдирүүсү

Тышкы иштер министрлиги Армениянын карапайым калкты бутага алып, Генже шаарына кол салгандыгы жөнүндө жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1502461
Түркиянын "Генже" билдирүүсү

Түркия, Армениянын Азербайжандын Генже шаарына кол салуусуна каршылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрлиги Армениянын карапайым калкты бутага алып, Генже шаарына кол салгандыгы жөнүндө жазуу түрүндө билдирүү жасады.

Билдирүүдө, Армениянын Генжеде карапайым жарандарды бутага алган учурдагы кол салуулары Армениянын мыйзамсыз мамилесинин жаңы көрүнүшү экендиги белгиленди.

Министрликтин билдирүүсүндө, кол салууну айыптап төмөнкү сөздөр айтылды: «Армения басып алган Азербайжан аймагында жеңилүүгө туш болуп, бардык гуманитардык укуктун принциптерин, айрыкча Женева конвенцияларын бузуп, басып алгандыгы үчүн чыр-чатактарга себепчи болгон аймактардан тышкары жарандык калктуу конуштарга кол салды. Бул кол салуулар, Армениянын туш болгон чарасыздыгынын жана мыйзамсыз басып алуусун улантыш үчүн адамзат кылмышын кылбай койбостугунун белгиси, башынан бери айтканыбыздай, Армения аймактагы тынчтык менен туруктуулукка эң чоң тоскоолдук болуп саналат».

Түркиянын Азербайжанды колдоосу билдирүүсүндө дагы бир жолу баса белгиленип, «Биз Армениянын провокациясына алдырбай тургандыгын, эл аралык укуктан келип чыккан өзүн-өзү коргоо укугун өзүнүн эл аралык таанылган чек араларында колдонуп жаткандыгын жана жарандык калкка зыян келтирбөө үчүн бардык аракеттерди көрүп жаткандыгын билдирген Азербайжандын мындай мамилесин колдойбуз»,-деди.



Тектеш кабарлар