«Кануни» бургулоочу кемеси Кара деңизде мунай жана газ издейт

Фатих Дөнмез маалымат берди.

1502070
«Кануни» бургулоочу кемеси Кара деңизде мунай жана газ издейт

Энергетика жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмез «Кануни» бургулоочу кемеси 2021-жылы «Фатих» менен биргеликте Кара деңизде мунай жана жаратылыш газын издей тургандыгын билдирди.

Зонгулдактын Чайжума районуна караштуу Филёс жергесинде 2016-жылы курула баштаган Филёс долбоорунун аймагын кыдырган Дөнмез, президент Режеп Таййип Эрдогандын 21-августта Түркиянын тарыхындагы эң ири жаратылыш газын Кара деңизде тапкандыгын элге жарыялаганын белгилеп, 320 миллиард куб метр табигый жаратылыш газынын запасы бар экендигин эске салды.

Дөнмез «Кануни» бургулоочу кемесинин быйыл флотко кошулгандыгын жана Мерсиндин Ташужу айылында жаңы операцияларга даярдануунун алкагында жандандыруу процессин улантып жаткандыгын белгилеп: «(Кануни) 10-октябрда ал жерден якорун түшүрөт жана Хайдарпаша портуна келет. Мунараларды чечүү ишин ушул жерде жүргүзөт. Босфордо 3 көпүрөбүз бар, көпүрөлөрдүн астынан өтүш үчүн мунараны чечүүбүз керек. Ноябрдын аягында Филёс портуна өткөн болот. Биз мунаранын кайрадан кураштырылышын жана башка тейлөөлөрүн күтүп жатабыз. Буюрса кийинки жылдын биринчи айларында да биринчи ишин баштайт. Ушундайча  «Фатих» эми Кара деңизде «Кануни» менен иштешет. Биз 2023-жылы Кара деңиз газын жарандарыбызга жеткирүү үчүн керектүү иштерди жасап жатабыз»,-деди.

Филёс долбоорунан да сөз кылган министр Дөнмез, Филёстун бир гана порт катары кызмат кылбастан, орто жана жогорку технологияларды өндүрө турган компанияларга мүмкүнчүлүк берерин айтты.



Тектеш кабарлар