Сентябрь айында 171 террорист жок кылынды

Жок кылынган террористтердин ичинен 12 террорист изделгендер тизмесинде орун алган.

1501749
Сентябрь айында 171 террорист жок кылынды

Сентябрь айында коопсуздук операцияларында 171 террорист жок кылынды. Алардын ичинен 12 террорист изделгендер тизмесинде орун алган.

Ички иштер министрлигинин орун басары жана министрликтин катчысы Исмаил Чатаклы министрликтин аткарган иштерин камтыган «Массалык маалымат каражаттарын маалыматтандырган айлык жыйынын» өткөрдү.

Чатаклы : «Ички иштер министрлигинин координациясында жүргүзүлгөн ички коопсуздук операцияларынын негизинде 2020 жылдын сентябрь айында элет жерлеринде жалпы 10 229 операция жүргүзүлдү алардын 9зу чоң, 23 орточо машстабдуу. Шаарларда да 1425 операция жүргүзүлдү.

Изделгендер тизмесинен 12 киши менен бирге жалпы 171 террорист, булардан 67си өлүү, 74тү тирүү колго түшүп, 30зу өзү багынган»,- деди.

Ошол эле учурда Ички иштер министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө, "Йылдырым - 4 " операциясынын алкагында Тунжели Овачык айыл аймагында 2 террористтин жок кылынгандыгы билдирилди.

Улуттук коргоо министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө ПККга жикчил террордук  уюмга таандык курал - жарак жана ок - дарылардын Ирактын түндүгүндөгү террордук буталарга карата жүргүзүлгөн «Чеңгел  - Жолборс» операциясында табылган үңкүрлөрдө жана баш калкалоочу жайларда колго түшүрүлгөнү белгиленди.



Тектеш кабарлар