Чавушоглу: «Эл аралык мыйзамдын алкагында элибиздин укуктарын коргоону улантабыз»
Чавушоглу Твиттердеги баракчасынан билдирүү жасады.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, эл аралык мыйзамдын алкагында түрк улутунун укуктарын коргоону уланта тургандарын билдирди.
Чавушоглу Твиттердеги баракчасынан жасаган билдирүүсүндө, Ливия менен түзүлгөн деңиз чек ара келишиминин Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан катталгандыгын белгилеп: «Биз элибиздин укуктарын эл аралык мыйзамдын алкагында чечкиндүү түрдө коргой беребиз»,- деди.
Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез да Твиттер баракчасынан жасаган билдирүүсүндө, Түркия менен Ливия өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн деңиз чек ара келишиминин БУУ тарабынан катталышы аркылуу Түркиянын Жер Ортолук деңизде жүргүзүп жаткан эл аралык мыйзамга негизделген саясатынын дагы да күчтөнө тургандыгын билдирди.
Дөнмез: «Биз ар дайым айткандай эле, Жер Ортолук деңизинде эч кимдин укугун бузбайбыз жана өз укугубуздан да баш тартпайбыз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.