УКМ:"Армения түрк учак жана куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары тууралуу жалган дооматтарды коюуда"

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги билдирүү жарыялады.

1500358
УКМ:"Армения түрк учак жана куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары тууралуу жалган дооматтарды коюуда"

Улуттук Коргоо министрлиги (MSB) Армения түрк учактары жана куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар (КУУА) боюнча жалган айыптоолорду жасады деп билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө, Армениянын социалдык медиадагы расмий аккаунттарынан ага каршы түрк учактары жана куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары (КУУА) колдонулгандыгы жөнүндө далилдерге негизделбеген жалган дооматтар коюлганы айтылып, «Алар Армениянын каршысында Түркиянын болгону жөнүндө түшүнүк жаратып, аркасындагы колдоону арттырууну максаттаган кара пропагандасынан башка эч нерсе эмес»,делди.

Ушул айыптоолорго (Армениянын) өз тарапкерлеринен башка эч ким олуттуу мамиле кылбайт деп баса белгиленген билдирүүдө, «Азербайжандын Куралдуу күчтөрү өз алдынча жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүнө жана жөндөмдүүлүгүнө, басып алуу астындагы өз жерлерин куткаргыдай умтулуу жана чечкиндүүлүккө ээ экендигин акыркы бир нече күндө дүйнөгө көрсөттү»,деп айтылды.



Тектеш кабарлар