Эрдоган:«Армения аймакта тынчтыктын алдындагы коркунуч экендигин дагы бир жолу көрсөттү»

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Армениянын Азербайжанга кол салуусу боюнча билдирүү жасады.

1498112
Эрдоган:«Армения аймакта тынчтыктын алдындагы коркунуч экендигин дагы бир жолу көрсөттү»

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Армения аймактагы тынчтыкка жана бейпилдикке эң чоң коркунуч экендигин дагы бир жолу көрсөттү деп билдирди.

Президент Эрдоган Армениянын Азербайжанга кол салуусу боюнча билдирүү жасады.

Эрдоган өзүнүн Твиттердеги аккаунтунда жасаган билдирүүсүндө,«Азербайжанга карай кол салууларына жаңысын кошкон Армения, бул аймактагы тынчтыкка жана бейпилдикке эң чоң коркунуч туудурарын дагы бир жолу көрсөттү. Түрк улуту ар дайымкыдай эле, бүгүнкү күндө дагы бардык мүмкүнчүлүктөрү менен азербайжандык боордошторунун жанында болот»,-деп айтты.

Президент Эрдоган төмөнкүлөрдү белгиледи: «Армениянын чагымчыл агрессиясына керектүү жана жетиштүү жоопту көрсөтө албаган эл аралык коомчулук дагы бир жолу өзүнүн кош стандарттуулугун көрсөтүүдө. Дээрлик 30 жылдан бери шалаакылык менен мамиле жасап келген Минск үчилтиги (Россия, Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Франция), тилекке каршы чечим табуучу багытта иш алып баруудан алыс. Армян элин өздөрүн апаатка түрткөн бийлигине жана аларды куурчактай колдонгондорго каршы келечектерин коргоп калууга чакырып,  бүткүл дүйнөнү басып алуу жана зомбулукка каршы күрөштө Азербайжандын жанында болууга чакырабыз.

Бүгүнкү телефондогу сүйлөшүүлөрүбүздө кыраакы жана чечкиндүү позициясына дагы бир жолу күбө болгон Азербайжандын Президенти менин бир тууганым Илхам Алиевге айтканымдай, Түркиянын «бир улут, эки мамлекет» түшүнүгү менен, азербайжандык боордоштору менен кызматташтыгын мындан ары да чыңдай берет».



Тектеш кабарлар