Түркия - Греция аскердик делегацияларынын жыйыны Брюсселде өттү

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта кийинки жыйындын алдыдагы жумада өткөрүлүшүнүн пландалгандыгы билдирилди.

1495348
Түркия  - Греция аскердик делегацияларынын жыйыны Брюсселде өттү

Түркия  - Греция аскердик делегацияларынын ортосунда бөлүү ыкмалары карала турган техникалык жыйындардын бешинчиси Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТО  штабында өттү.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта кийинки жыйындын алдыдагы жумада өткөрүлүшүнүн пландалгандыгы билдирилди.

Президент Р. Т. Эрдоган менен НАТОнун башкы катчысы Столтенбергдин сүйлөшүүсүнөн кийин Түркия менен Грециянын ортосундагы техникалык сүйлөшүүлөр 4 жума мурда башталган.

Столтенберг эки НАТО мүчөсүнүн кагылышууга кирүүсүнө тоскоол боло турган бир механизмдин түзүлүшү керектигин айтып, аскердик жетекчилердин ортосундагы техникалык сүйлөшүүлөрдүн Германиянын арачылыгындагы саясий сүйлөшүүлөргө да салым кошорун ойлогонун билдирген.



Тектеш кабарлар