Түркия-Украина эркин соода келишими сүйлөшүүлөрү
Тарас Качка маалымат берди.
Украинанын экономика министринин орун басары Тарас Качка, Түркия менен Украинанын ортосундагы эркин соода келишими сүйлөшүүлөрүнүн кайрадан башталганын билдирди.
Расмий маалымат агенттиги Укринформга берген маегинде, 7 жылдан ашык убакытка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин тексттин көпчүлүк бөлүгүндө макулдашуу түзүлгөнүн эске салды.
Январь айында эки өлкөнүн бири-бирине жаңы сунуштарды берүү темасында макулдашкандыгын белгилеген Качка, август айында Түркиядан жаңы сунуш алгандарын кабарлап: «Биз азыр өзүбүздүн сунушту даярдап жатабыз, ушундайча сүйлөшүүлөрдү кайрадан баштаган болдук»,-деп айтты.
Жаңы текстте мурда макулдашылган беренелердин эске алынгандыгын билдирген Качка, кийинки сүйлөшүүлөрдүн октябрь айынын ортосуна пландаштырылып жаткандыгын маалымдады.