Түркия БУУга каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.

1493501
Түркия БУУга каршылык көрсөттү

Түркия, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам Укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын сындоолорун негизсиз деп таап, аны четке какты.

Тышкы иштер министрлиги, БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын билдирүүсүнө байланыштуу, «Терроризм менен күрөшүү жана сириялык качкындардын кайтып келишин камсыз кылуу максатында жер-жерлерде иштеп жаткан сириялык оппозициялык топторго жана бул топторго байланыштуу түрдө өлкөбүзгө багытталган адам укуктарын бузуу жөнүндөгү негизсиз айыптоолорду жана БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын (БУУ Адам укуктары) ушул айыптоолорго таянган негизсиз сын-пикирлерин толугу менен четке кагабыз»,делди.

Министрликтин билдирүүсүндө, айрыкча БУУнун Сириядагы Көз карандысыз эл аралык иликтөө комиссиясынын 2020-жылдын январь-июнь мезгилин камтыган үзгүлтүксүз отчетунда, Сирия режими жана жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ менен байланышкан "Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" карапайым калкка карай адамзатка каршы кылмыштары жана согуш кылмыштарынын деңгээлине жеткен адам укуктарын бузуууларынын аныкталышы маанилүү деп айтылып, «Бирок, отчетто жарандарга багытталган, баарына белгилүү болгон террордук актыларды кылгандын ПКК/ПЙД экендиги аты-жөнү менен аталбаганы чоң кемчилик»,делди.

Билдирүүдө булар жазылган: «БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын билдирүүсүндө отчетто орун берилген бузуулардын негизги себеби болгон Сирия режими жана ПКК/ЙПГ террордук уюму жөнүндө сөз кылбоону кабыл алынгыс деп эсептейбиз жана билдирүүсүн кескин айыптайбыз. Отчет тууралуу көз караштарыбыз жана каршы пикирлерибиз БУУ багытында эң күчтүү түрдө жазылат».



Тектеш кабарлар