Эрдоган-Меркель видео конференциясы

Эрдоган, Германиянын канцлери Ангела Меркель менен видео конференция өткөрдү.

1491988
Эрдоган-Меркель видео конференциясы

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Германиянын канцлери Ангела Меркель менен видео конференция өткөрдү.

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, Түркия-Германия карым-катнаштары жана аймактык маселелер талкууланган жолугушууда, президент Эрдоган, Чыгыш Жер Ортолук деңизинде конструктивдүү жана адилеттүүлүккө  негизделген мамиле болгон учурунда түшүнүшпөстүктөрдүн сүйлөшүү жана  мунасага келүү жолу менен чечиле тургандыгын билдирилди.

Европа мамлекеттеринин Чыгыш Жер Ортолук деңиз маселесинде адилеттүү жана чынчыл болуулары керектигин белгилеген президент Эрдоган, Түркиянын укуктары жагдайында аягына чейин чечкиндүү жана активдүү саясатты жүргүзүүнү улантарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар