Эди Раманын Түркия тууралуу маалыматтандыруусу

Эди Рама Грециянын борбору Афина шаарында «The Economist» журналы тарабынан грек өкмөтү менен биргеликте уюштурулган конференцияда сөз сүйлөдү.

1491995
Эди Раманын Түркия тууралуу маалыматтандыруусу

Албаниянын премьер-министри Эди Рама, Европанын коопсуздугу үчүн Түркия маанилүү өлкө экендигин айтты.

Эди Рама Грециянын борбору Афина шаарында «The Economist» журналы тарабынан грек өкмөтү менен биргеликте уюштурулган конференцияда сөз сүйлөдү.

Рама, Түркия менен Грециянын ортосундагы мамилелер, ошондой эле Батыш Балканынын келечеги, коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) менен күрөшүү,  Албания-Греция мамилелери жана аймактын Европа көз карашы сыяктуу темаларга байланыштуу баалоосун жасады.

Греция жана Түркия менен өлкөсүнүн стратегиялык өнөктөштөрүн билдирген Рама: «Бирок мен Албания эки оттун ортосунда экенин сезген жокмун»,- деди.

Рама түрк-грек карым-катнаштары жана бул мамилелердин Европа үчүн ролу жөнүндө сөз кылып: «Грек-Түрк мамилелеринде  Европа үчүн пайдалуу боло турган карым-катнаш потенциалы бар экенине кескин ишенемин. Анткени Түркия Европанын коопсуздугу үчүн маанилүү өлкө, Греция Европанын чек аралары үчүн маанилүү өлкө. Мен Түркиянын президенти (Режеп Таййип Эрдоган) деп айта алам,  Грецияга каршы адам же саясатчы эмес, өткөн-кеткендер бизге эрк болгондо чечим бар экендигин шексиз көрсөткөн. Диалог, диалог, диалог ... Жөнөкөй чыныгы диалог, башкаларга таштабай, башкаларды алып келбестен. Европа үчүн кошумча нарк болушу толук мүмкүн жана мен буга 100 пайыз ишенем»,-деди.



Тектеш кабарлар