Түркиянын «Жезери» учуучу унаасы учуу сыноолорунан ийгиликтүү өттү

«Жезери» унаасынын учуу сыноолору 11-сентябрь жума күнү башталган.

1491635
Түркиянын «Жезери» учуучу унаасы учуу сыноолорунан ийгиликтүү өттү

"Байкар" компаниясы тарабынан улуттук жана атамекендик шаймандар менен иштелип чыккан Түркиянын алгачкы учуучу унаасы «Жезери» биринчи учуу сыноолорун ийгиликтүү аяктады.

«Жезери» унаасынын учуу сыноолору 11-сентябрь жума күнү башталган.

Түрк инженерлери тарабынан долбоорлонуп иштелип чыккан «Жезери», 230 килограммдык прототиптүү учуу сыноолорунда 10 метр көтөрүлдү.

Билдирүүдө көз караштарына орун берилген «Байкар» компаниясынын техникалык директору Селчук Байрактар: «Алдыдагы мезгилде биз дагы да өркүндөтүлгөн прототиптерди жасайбыз. Учкучтуу учууларды ишке ашырабыз»,-деди.

Келечекте шаар аба каттамын түп-тамырынан өзгөртүүсү күтүлүп жаткан «Жезери» учуучу унаасы жүргүнчү жана жүк ташууда активдүү роль ойноого ылайыкташтырылган.

Электр энергиясы менен учкан жана үч резервдүү интеллектуалдык учуу тутумуна ээ болгон «Жезери» учуучу унаасына жасалма интеллект тутумдары орнотулат. «Жезери» учуучу унаасынын саатына 100 чакырымдык ылдамдыкка, учуу бийиктиги 2000 метрге жетүүсү жана абада 1 саат туруп 70-80 чакырым аралыкка учуусу максатталууда.



Тектеш кабарлар