Чавушоглу маанилүү жыйынга катышты
Чавушоглу жыйындын чоо-жайын өзүнүн Твиттер баракчасынан жарыялады.
1491865
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун Глобалдык аракет тобунун үчүнчү жыйынына видеоконференция аркылуу катышты.
Чавушоглу жыйындын чоо-жайын өзүнүн Твиттер баракчасынан жарыялады.
Мевлүт Чавушоглу жыйында, коронавирус (Ковид-19) пандемиясы учурунда Түркиянын эл аралык аракеттерге кошкон салымдарын бөлүшкөнүн билдирди.
Чавушоглу билдирүүлөрүндө төмөнкүлөрдү айтты:
«Биз Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун Глобалдык аракет тобунун үчүнчү жыйынына видеоконференция аркылуу катыштык. Пандемия учурунда өлкөбүздүн эл аралык аракеттерге кошкон салымдарын бөлүштүк. COVID-19 алсыз жактарды көрсөттү, бирок азыр бизде дагы жакшы жана коопсуз дүйнөнү түзүүгө мүмкүнчүлүктөр бар».