Президент Эрдоган шейит болгон Кызыл жарым ай кызматкеринин үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Түрк Кызылайынын унаасына кечээ кол салуу болгон.

1491137
Президент Эрдоган шейит болгон Кызыл жарым ай кызматкеринин үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сириянын Эль-Баб шаарында Түрк Кызылайына жасалган террордук кол салууда шейит болгон Кызыл жарым ай кызматкери Мехмет Акиф Кыдымандын үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Чобанбей менен Эль-Бабдын ортосундагы аймакта, бетинде Түрк Кызылайынын эмблемасы даана көрүнүп турган унаага кечээ Түркия убактысы боюнча саат 09.15 чамасында номери жок эки унаанын ичинен беткапчан кишилер тарабынан кайчылаш ок атылды.

Куралдуу кол салууда Кызыл жарым ай кызматкерлеринин бири шейит болуп, 2 кызматкери жаракат алды.



Тектеш кабарлар