УКМ: «Он күндүн ичинде 118 террорист жок кылынды»
Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсү.
1489299
Ирак менен Сириянын түндүгүндө акыркы 24 саатта 21, акыркы 10 күндүн ичинде болсо 118 ПКК/ЙПГ террористи жок кылынды.
Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Терроризмге каршы күрөштү чечкиндүү түрдө улантып жаткан Түрк куралдуу күчтөрү Иракта жана Сириянын түндүгүндө жүргүзгөн ийгиликтүү операциялардын негизинде акыркы 24 саатта 21 ПКК/ЙПГ террористтин жок кылды. Ушундайча акыркы 10 күндүн ичинде жалпысынан 118 ПКК/ЙПГ террористти жок кылынган болду»,-делди.
Билдирүүдө акыркы террорист жок кылынганга дейре операциялардын үзгүлтүксүз уланта турганы баса белгиленди.