Улуттук Чалгындоо Уюму Украинада опреция жүргүздү

Операцияда ПКК/КЖК террордук уюмуна мүчө Иса Өзер кармалып Түркияга алып келинди.

1488552
Улуттук Чалгындоо Уюму Украинада опреция жүргүздү

ПКК/КЖК террордук уюмуна мүчө Иса Өзер Улуттук  Чалгындоо Уюмунун операциясы менен Украинадан Түркияга алып келинди.

2014 -  жылы камоо чечими чыгарылып,  мыйзам тышы жолдор менен Түркиядан качкан Иса Өзердин бир канча убакыттан бери Одессада экендиги аныкталды. Террордук кыймылдарын Украинада уланткандыгы белгилеген Өзер Улуттук Чалгындоо Уюмунун атайын методдору менен Түркияга алып келинип адилеттикке тапшырылды.

1996  -жылы жикчил террордук уюм ПКК / КЖКнын катарына кошулган, Румыниядагы уюмду колдогон уюмдун мүчөсү болгон Иса Өзер бул өлкөдөгү түрк жарандарынан акча талап кылган жана салык чогулткан деген жүйө менен бир канча убакыт камакка алынып, кийинчерээк депортациялангандыгы маалымдалды.



Тектеш кабарлар