Түркиянын Лондондогу элчиси: «Диалогдон качкан тарап Греция»

Түркиянын Лондондогу элчиси Үмит Ялчын,Британиянын Guardian гезитине кат жазды.

1487753
Түркиянын Лондондогу элчиси: «Диалогдон качкан тарап Греция»

Түркиянын Лондондогу элчиси Үмит Ялчын, Грециянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде диалогдон качканын белгилеп, Түркиянын ошол диалогду жана чын ыкластуу сүйлөшүүлөр менен демилгелерди колдоого даяр экендигин билдирди.

Британиянын Guardian гезитине жазган катында Ялчын, Түркиянын 2003-жылдан бери экономикалык зонанын делимитацияланышына кызыкдар болгон өзгөчө тараптарды эл аралык укукка жана теңдик принцибине негизделген сүйлөшүүлөргө катышууга чакырганын, бирок Греция эч качан чын ыкластуу диалогго жанашпаганын айтты.

Германиянын сүйлөшүүлөрдүн кайрадан башталышына карай аракети Греция тарабынан эки жолу саботаж кылынганын белгилеген Ялчын, Афинанын алгач Египет менен келишим түзгөнүн, андан кийин Түркия менен жолугушуудан баш тартканын эске салды.

Ялчын НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин жаңжалдардын алдын алуу механизмдерин түзүү боюнча техникалык сүйлөшүүлөрдү баштоо аракети кайра эле Греция тарабынан четке кагылганын баса белгиледи.

Ялчын:«Түркия бул демилгени колдоду жана чын ыкластуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр»,-деп баасын берди.



Тектеш кабарлар