Министр Акар Францияны сынга алды

Хулуси Акар борбор шаар Анкарада Улуттук Коргоо университетиндеги бүтүрүү кечесине катышты.

1485206
Министр Акар Францияны сынга алды

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар: «Франция оюна келген нерсени жасай алам деп ойлоп жатат. Чыгыш Жер Ортолук деңизи жетпегенсип, алар Иракта дагы бир нече билдирүүлөрдү жасап жатышат. Булардын эч бири шериктештикке, тынчтыкка же диалогго көмөктөшкөн нерселер эмес»,- деди.

Хулуси Акар борбор шаар Анкарада Улуттук Коргоо университетиндеги бүтүрүү кечесине катышты.

Министр Акар бул жердеги сөзүндө Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги акыркы окуяларга токтолуп, «Франциянын регионго эч кандай тиешеси жок, чек арасы жок, келишимдерден келип чыккан кандайдыр бир өкүлчүлүк милдети жок. НАТОнун, ЕБнин атынан чыгууга ыйгарым укугу жок, бирок алар миңдеген чакырым алыстыктан келип, бир катар маселелер боюнча принциптер жана дооматтар жөнүндө сөз сүйлөп жатышат. Аларды кабыл алуу мүмкүн эмес»,- деди.

Франциянын аймакка алып келген аскердик мүлкү менен машыгууларга катышкандыгын эске салган Акар, «Булар чыңалууну азайтуу деген аталышта жасалып жатат. Тескерисинче, бул чыңалууну күчөтөрүн жана алардын жасаган иштери туура эмес экендигин билишет. Берилген билдирүүлөр, колдонулган тил, мамиле жана ыкма такыр туура эмес, алар диалогго да кызмат кылышпайт жана тынчтыкка салым кошо алышпайт»,-деп айтты.

Түркия бул аймакта (сейсмикалык изилдөө иштери) жүргүзгөн иштеринин эл аралык укук жана деңиз мыйзамдарына толугу менен дал келгенин баса белгилеген Акар: «Франция эмнени ойлосо, ошону жасай алам деп ойлоп жатат. Чыгыш Жер Ортолук деңизи жетпегенсип, алар Иракта дагы бир нече билдирүүлөрдү жасап жатышат. Булардын эч бири шериктештик, тынчтыкка же диалогго көмөктөшкөн нерселер эмес. /.../Бир тараптан эч кандай түрдө укугубузду, мыйзамыбызды тебелетпей турганыбызды ар ким билип койсун. Биз өз ишибизди уланта беребиз, бирок биз диалог үчүн дагы ушул жердебиз»,-деди.



Тектеш кабарлар