«Чеңгел жолборс» операциясында 320 террорист жок кылынды

«Чеңгел жолборс» операциясы уланып жатат.

1485339
«Чеңгел жолборс» операциясында 320 террорист жок кылынды

Ирактын түндүгүндө уланып жаткан «Чеңгел жолборс» операциясында жикчил террордук уюм ПККга мүчө 320 террорист жок кылынды.

Улуттук Коргоо Министрлигинин Твиттерден жасаган билдирүүсүндө, 2020-жылы 16-июнда Ирактын түндүгүндөгү Хафтанин аймагында башталган «Чеңгел жолборс» операциясында издөө-чалгындоо иштеринин ийгиликтүү аяктагандыгы белгиленди.

Билдирүүдө, ушул күнгө чейин «Чеңгел жолборс» операциясында жикчил террордук уюм ПККга мүчө 320 террористтин жок кылынгандыгы кабарланып: «Биздин баатыр командолорубуз аймактагы бардык баш калкалоочу жайларга жана үңкүрлөргө кирип, террор жайларын жер менен жексен кылды»,-делди.



Тектеш кабарлар