Тышкы иштер министри: «Алдын-ала шарттарсыз сүйлөшүү сунушун грек министри кабыл алган жок»

Чавушоглу борбор шаар Анкарада күн тартибине байланыштуу билдирүү жасады.

1484821
Тышкы иштер министри: «Алдын-ала шарттарсыз сүйлөшүү сунушун грек министри кабыл алган жок»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Грециянын НАТОнун ортомчулугу жөнүндө калп айтып дагы бир жолу диалогду каалабагандыгын көрсөткөнүн айтты.

Чавушоглу борбор шаар Анкарада күн тартибине байланыштуу жасаган билдирүүсүндө, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги чыңалуу тууралуу алдын-ала шартсыз сүйлөшүү сунушун грек кесиптешинин кабыл албагандыгын айтты.

Чавушоглу: «Грециянын НАТОнун баш катчысын четке кагуусу туура эмес мамиле болду. Бул жерде калп айткан башкы катчы эмес, Греция болуп саналат. Дагы бир жолу алар диалогго макул эместигин көрсөттү»,-деди.

Ал эми Түркиянын ар дайым диалогду жактап келгендигин маалымдаган Чавушоглу: «Адил адамдар диалогдон качпайт, бирок Греция акысы жок экенин билет. Эгерде Греция бизден бардык укуктарыбыздан баш тартууну күтүп жатса мындай болбойт. Европа өлкөлөрү да Грециянын акысы жок экенин билишет»,-деп айтты.

Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын бирден-бир максатынын өз укугун коргоо экенин жана эч кимдин да укугуна көз артпагандыгын баса белгиледи.

Франциянын Түркиядан так түрдө кечирим сурашы керектигин айткан Чавушоглу: «Грецияны эң көп көкүткөн өлкө - Франция. Мындай истерикалык жүрүм-турумдардын эч кимге пайдасы жок. Бул Францияны чындыгында күлкүлүү кылат»,-деди.



Тектеш кабарлар