Түркия Австрияга каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Австрияда Түркиянын атынан тыңчылык кылынганы жөнүндөгү айтымдарды четке какты.

1483271
Түркия Австрияга каршылык көрсөттү

Түркия, Австриянын органдары тарабынан дарегине айтылган негизсиз айыптоолорду четке какты.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Австрияда Түркиянын атынан тыңчылык кылынганы жөнүндөгү айтымдарды четке какты.

Катчы Аксой, бул тема тууралуу суроого жазуу түрүндө жооп берди.

«Австрия органдары тарабынан өлкөбүздүн дарегине айтылган негизсиз айыптоолорду четке кагабыз. Бул айтымдардын артында Түркияга каршы турган чөйрөлөр бар экени ачык көрүнүп турат»,деп айткан Айсой, Австрия өкмөтүнүн бул айтымдардан толугу менен олуттуу болбогон рефлекстер менен Түркияга жалаа жапкан жыйынтыктарды чыгаруусун таң калуу менен уккандарын билдирди.

Австриялык саясаттын билдирүүсүндө, популисттик риторика жана Түркияга каршылык көрсөтүү адашуусунан кутула албагандыгын дагы бир жолу көрсөткөнүнө көңүл бурган Аксой: «Бул абалдын Австриядагы түрк коомчулугунун тынчын алганын жана Түркия-Австрия карым-катнаштарына зыян тийгизгени билиниши керек. Австрия өкмөтүн, тайыз, ички саясий эсептер менен Түркиянын үстүндө жасалма күндем жаратуудан баш тартып, мамлекеттик олуттуулук менен жана урмат-сыйлуу чынчыл кызматташууга чакырабыз»,-деди.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын да, Түркиянын өлкөсүн бөлүүнү каалаганы жөнүндөгү айтымдарды жасаган Австриянын шайкештик министри Сусанна Раабга, «Бир гана Австриябы? Кандай уят...»,жообун берди.

Калын, Твиттер барагынан бөлүшүүсүндө, Раабдын, «Түркиянын Австриядагы түрк тектүүлөргө таасир тийгизип бул өлкөнү бөлүүнү каалаганы» жөнүндөгү айтымдарга орун берди.

Текстке жооп катары «Бир гана Австриябы? Кандай уят...»,деп жазган Калын, бөлүшүүсүнүн аягында жылмайган жүз эмодзилерин колдонгон.



Тектеш кабарлар