ДЕАШТ террордук уюмунун Түркия эмири деп аталган кишиси кармалды

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу коопсуздук уюмун куттуктады.

1482672
ДЕАШТ террордук уюмунун Түркия эмири деп аталган кишиси кармалды

Террордук уюм ДЕАШтын Түркия эмири деп аталган кишиси кармалды жана камоого алынды.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу соцтармактан берген маалыматында коопсуздук уюмун куттуктап жана ыраазычылык билдирип : «ДЕАШтын Түркия эмири маанилүү пландар менен кармалды жана камоого алынды», - деди.

Террордук уюм ДЕАШтын кармалган, Түркиянын эмири деп аталган кишинин Махмут Өзден экендигин белгилеген Сойлу үйүндө жана башка жерлерде жүргүзүлгөн тинтүүлөрдө санариптик материалдар менен компьютерлердин конфискацияланганын айтты. 

Ички иштер министри Сойлу : "Алынган маалыматтарга караганда керек болсо Ирак керек болсо Сириядан жолдомолорду алгандыгы, 10 - 12  кишилик группаларды түзүп Түркияда кол салууларды аткарары белгиленди",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар