Түркия Сомалиге 12 зооттолгон аскердик унаа жардам берди

Сомалинин борбор шаары Могадишого барган 12 зооттолгон аскердик унаа азем менен жетекчилерге тапшырылды.

1480938
Түркия Сомалиге 12 зооттолгон аскердик унаа жардам берди

Түркия Сомалинин террордук уюм Еш – Шебаб менен күрөшүү үчүн 12 зооттолгон аскердик унаа жардам берди.

Сомалинин борбор шаары Могадишого барган 12 зооттолгон аскердик унаа азем менен жетекчилерге тапшырылды.

Аземге Түркиянын Могадишо элчиси Мехмет Йылмаз, Сомалинин коргоо министри Хассан Али Мухаммед, Сомали башкы штабынын төрагасы Одава Юсуф Рагех жана көп сандаган киши катышты.

Элчи Йылмаз бул жерде маалымат берип, Түркиянын Сомалиге бардык темада жардам берүүнү улантарын белгиледи.

Коргоо министри Мухаммед да Түркиядан келген унаалардын Еш – Шебабга каршы операцияларда жардам берерин айтты.

Башкы штабдын төрагасы Рагех болсо келген жардамдардан улам Түркияга ыраазычылык билдирип : «Бүгүн бир тууган жана дос өлкөбүз Түркиядан келген заманбап зооттолгон аскердик унааларды тапшырып алуу үчүн бул жердебиз. Өлкөбүзгө жана армиябызга берген жардамдардан улам ыракмат айтабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар