Эрдоган:«Түркия Жер Ортолук деңизде, Эгейде жана Кара деңизде дагы өзүнүн укуктуу болгонун алат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Муштагы "Малазгирт" Улуттук парк аянтында Малазгирт жеңишинин 949-жылдык мааракесин белгилөө программасында сөз сүйлөдү.

1479490
Эрдоган:«Түркия Жер Ортолук деңизде, Эгейде жана Кара деңизде дагы өзүнүн укуктуу болгонун алат»
Erdoğan Malazgirt.2.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Жер Ортолук деңизде, Эгейде жана Кара деңизде дагы укугу болгон үлүшүн ала турганын айтты.

Эрдоган, Муштагы "Малазгирт" Улуттук парк аянтында Малазгирт жеңишинин 949 жылдык мааракесин белгилөө программасында сүйлөгөн сөзүндө Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги чыңалуу тууралуу, «Жасайбыз десек жасайбыз, чыгымын дагы көтөрөбүз. Чыгымын көтөрүүбүзгө карабай маңдайыбызга чыккысы келген бар болсо келсин,төлөсүн. Болбосо жолубуздан чегинишсин»,-деп айтты.

Президент Эрдоган: «Византиянын мураскерлигине дагы ылайык болбогондор бүгүнкү күндө европалыктарга жазданып алып, адилетсиздик, мыйзамсыздык, каракчылык кылууга аракет кылгандары тарыхтан сабак албагандарынын белгиси болуп саналат»,-деди.

Эрдоган, Түркиянын эч кимдин жерине, эгемендигине, кызыкчылыктарына көз артпаганы сыяктуу, өзүнө таандык болгондордон да эч качан баш тартпай турганын белгилеп өттү.

«Биздин маңдайыбыздагыларды өзүлөрүн оңдоп, аларды буза турган каталардан алыс болууга чакырабыз»,-деп айткан  Эрдоган, Түркиянын азыр чыдамдуулугу, чечкиндүүлүгү, кайраттуулугу,мүмкүнчүлүгү жана эр жүрөктүүлүгү  сынала турган өлкө эмес экенин ар кимдин көрүүсү керектигин баса белгиледи.

Президент Эрдоган: «Түркияга карай операция жасоону каалоолору ишке ашпай калгандар, издеген мүмкүнчүлүктөрдү таба алышпайт»,- деди.



Тектеш кабарлар