Түрк куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлери Ливияда миналарды тазалоодо
Улуттук Коргоо министрлиги бул тууралуу Твиттерде маалымат бөлүштү.
Улуттук Коргоо министрлиги Ливиянын чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтер жана анын согушкерлери тарабынан көмүлгөн мина жана колго жасалган жарылуучу заттарды (IED) жана жарылбай калган ок-дарыларды жок кылуу ишин улантууда деп билдирди.
Министрликтин Твиттерде жарыялаган постунда Хафтердин жактоочулары тарабынан көмүлгөн миналарды, колго жасалган жарылуучу заттарды жана жарылбай калган ок-дарыларды жок кылып жаткан Түрк куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлеринин сүрөттөрү камтылган.
Бөлүшүүдө, «Козголоңчу Хафтер жана анын согушкерлери тарабынан көмүлгөн мина жана колго жасалган жарылуучу заттарды тазалоо улантылууда. Ливиядагы биздин адистерибиз жарандар үчүн чоң коркунуч туудурган миналарды жана колго жасалган жарылуучу заттарды тазалоодо»,делди.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.