Түркия ЕБнин чакырыгына жооп берди

Тышкы иштер министрлигинин Твиттер баракчасынан бөлүшүлгөн билдирүү менен жооп берилди.

1473394
Түркия ЕБнин чакырыгына жооп берди

Түркия, Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер министрлеринин Чыгыш Жер Ортолук деңизде сүйлөшүү чакырыгына жооп берди.

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин "деңиз аянттарына чек коюу жана ресурстарды пайдалануу бир гана жакшы ниет, жакшы коңшулук мамилелери жана эл аралык мыйзамдын чегинде диалог жана сүйлөшүү жолу менен чечиле алат" деген билдирүүсүнө Тышкы иштер министрлигинин Твиттер баракчасынан бөлүшүлгөн билдирүү менен жооп берилди.

Министрликтин бөлүшүүсүндө, Түркиянын диалогду жана сүйлөшүүлөрдү колдогону белгиленип: «(Түркия) мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого чечкиндүү. Европа Бирлигинин чакырыгы Түркияга эмес, Чыгыш Жер Ортолук деңизде бир тараптуу провокациялык кадам таштагандарга жана Түркия менен Кипр түрктөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын сыйлабагандарга багытталышы керек»,-деди.



Тектеш кабарлар