Чавушоглу Помпео менен жолугушат

Жолугушуу Доминикан Республикасында өткөрүлөт.

1473274
Чавушоглу Помпео менен жолугушат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу америкалык кесиптеши Майк Помпео менен Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги абалды талкуулайт.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, эки министр эртең Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги акыркы кырдаалга баа берүү үчүн Доминикан Республикасында жолугушат.

Кечээ Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиас менен сүйлөшкөн Помпео, Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги чыңалууну азайтуу керектигин баса белгилеген болчу.

Чавушоглу болсо Швейцарияда өткөргөн маалымат жыйында Түркиянын аймактагы бардык маселелерди диалог жана тынчтык жолу менен чечүүнү колдой тургандыгын билдирген эле.



Тектеш кабарлар