Адилет министри: «Греция менен Египеттин ортосундагы келишим эл аралык мыйзамга каршы келет»

Греция менен Египеттин ортосунда түзүлгөн келишимге Түркия каршылык көрсөтүүдө.

1473006
Адилет министри: «Греция менен Египеттин ортосундагы келишим эл аралык мыйзамга каршы келет»

Адилет министри Абдүлхамит Гүл, Греция менен Египеттин ортосундагы "өзгөчө экономикалык аймак" келишими эл аралык мыйзамга каршы келет деп билдирди.

Абдүлхамит Гүл: «Түркияны узун жээк тилкесине карабастан, Чыгыш Жер Ортолук деңизден четтетүү аракеттеринин эл аралык мыйзамда орду жок»,- деп айтты.

Абдүлхамит: «Чыгыш Жер Ортолук деңизде Түркиясыз ишке ашырылууга аракет кылынган энергетикалык саясаттын эл аралык мыйзамдын алдында эч кандай мааниси жок»,- деди.



Тектеш кабарлар