Улуттук Коргоо министрлигинин "Оруч Рейс" жөнүндөгү билдирүүсү

Түркиянын «Оруч Рейс» кемеси Чыгыш Жер Ортолук деңизде сейсмикалык изилдөө иштерин баштады.

1470603
Улуттук Коргоо министрлигинин "Оруч Рейс" жөнүндөгү билдирүүсү

Улуттук Коргоо министрлиги, Чыгыш Жер Ортолук деңизинде иштей баштаган MTA «Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемесинин Түрк деңиз флоту тарабынан коштолуп, корголгонун маалымдады.

Улуттук Коргоо министрлигинин Твиттердеги билдирүүсүндө, Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги деңиз аймагында сейсмикалык изилдөө иштерин баштаган MTA «Оруч Рейс» изилдөө кемесинин түрк деңиз күчтөрүнүн коштоосунда жана коргоосунда болгону белгиленди.

Билдирүүдө: «Түркиянын Куралдуу Күчтөрү, биздин деңиз  аймактарыбызда эл аралык мыйзамга негизделген укук жана кызыкчылыктарыбызды коргоо үчүн бардык чечкиндүү чараларды көрдү»,-делди.



Тектеш кабарлар