Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги укуктары корголот

Хулуси Акар билдирүү жасады.

1471121
Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги укуктары корголот

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги Түркиянын укуктарын, актуалдуулугун жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн керектүү бардык чаралардын көрүлгөнүн айтты.

Хулуси Акар Башкы штабдын штабына, күч командачыларына жана бөлүктүн командирлерине телеконференция аркылуу байланышып маалымат алды.

Министр Акар жыйында, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги укуктардын, актуалдуулуктун жана кызыкчылыктардын корголуусу үчүн керектүү бардык чаралардын көрүлгөндүгүн баса белгилеп, Чыгыш Жер Ортолук деңизинде Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы катышпаган эч бир долбоордун аткарылуу мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди.



Тектеш кабарлар