Мустафа Шентоп менен Фахреттин Алтундун билдирүүсү

Алар «Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемесинин Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги иш-аракетин колдой тургандыгын билдиришти.

1470950
Мустафа Шентоп менен Фахреттин Алтундун билдирүүсү

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп жана Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, «Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемесинин Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги иш-аракетин колдой тургандыгын билдиришти.

Мустафа Шентоп өзүнүн Твиттер баракчасынан, "Көгүлтүр мекен", "Оручрейс" деген хэштеги менен бөлүшкөн билдирүүсүндө: «Тарыхтагы ар бир мезгилде эр жүрөктүк менен күрөшүүгө бел байлап жана өз укуктарын күрөшүүсү менен ырастаган сүйүктүү улутубуздун Көгүлтүр Мекендеги баатыр уулдарына салам жолдоймун. Жолуңуз улутубуздун бактысындай ачык болсун»,- деди.

Фахреттин Алтун да Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги иш-аракеттерине баа берди.

Алтун: «100 жыл мурун Севр келишими менен бизге коюлган ролго жана чектерге каршылык көрсөткөндөй эле учурда дагы Көгүлтүр мекенде бизге сызылууга аракет кылынган чектерди алып салуудабыз. Түркия Республикасы эгемендик укуктарын кандай гана болбосун коргой турган күчкө ээ»,- деди.

Бул арада Түркиянын Тышкы иштер министрлиги, Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) билдирген Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги чек араларында «Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемесинин иш жүргүзгөн аянтын көрсөткөн картаны бөлүштү.

Картада Түркиянын деңиз карамагына кирген аянттар менен бирге лицензиясы бар мунай кен аянттарына да орун берилди.



Тектеш кабарлар