Түркия Ирактагы түркмөндөргө колдоосун улантат
Чавушоглу Айдын Маруф менен сүйлөштү.
1467846
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «Биз ар дайым түркмөн бир туугандарыбыздын жанында болобуз»,-деп айтты.
Мевлүт Чавушоглу Ирактын Күрт аймактык жетекчилигинин этникалык топтор боюнча жооптуу аймактык министри жана Ирак Түркмөн фронтунун Аткаруу Кеңешинин мүчөсү Айдын Маруф менен сүйлөштү.
Чавушоглу Твиттердеги билдирүүсүндө: «Маруф менен биз Ирактагы кырдаалды, Ирактын Күрт аймактык жетекчилиги менен болгон мамилелерибизди жана түркмөндөрдүн абалын сүйлөштүк. Биз ар дайым түркмөн бир туугандарыбыздын жанында болобуз»,-деди.