Эрдоган: «Хиросима «жаңылышытыкты кайра кайталабоо» чечкиндүүлүгүбүздүн белгиси болушу керек»

Жапониянын Хиросима шаарына 1945-жылы 6-августта ташталган атом бомбасынын себебинен каза болгондор жана жаракат алгандар үчүн шаардагы «Тынчтык мемориалдык паркында» эскерүү аземи уюштурулду.

1468398
Эрдоган: «Хиросима «жаңылышытыкты кайра кайталабоо» чечкиндүүлүгүбүздүн белгиси болушу керек»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 2-Дүйнөлүк согушта атом бомбасы ташталган Хиросиманын 75 жылдыгын эскерүүгө жөнөткөн билдирүүсүндө «Хиросима «жаңылышытыкты кайра кайталабоо» чечкиндүүлүгүбүздүн белгиси болушу керек»,деп айтты.

Жапониянын Хиросима шаарына 1945-жылы 6-августта ташталган атом бомбасынын себебинен каза болгондор жана жаракат алгандар үчүн шаардагы «Тынчтык мемориалдык паркында» эскерүү аземи уюштурулду.

Аземге видео билдирүү жөнөткөн Президент Эрдоган, Хиросимага атом бомбасы ташталышынын адамзат тарыхынын эң оор күндөрүнөн бири болгонуна көңүл бурду.

Хиросиманын курмандыктарын көңүл айтып эскерген Эрдоган: «Мен боордош жапон элине көңүл айтам. 75 жылдан бери жүрөктөрүндөгү кайгы-кападан арылууга аракет кылган курман болгондордун туугандарына көңүл айтам»,-деди.

Эрдоган: «Биз бул коркунучтуу окуядан сабак алышыбыз керек. Тынчтык мемориалдык паркындагы пьедесталга казылган Хиросима «жаңылыштыкты кайталабоого» чечкиндүүлүктүн белгиси болушу керек»,-деп айтты.

Адамзат Хиросимадан сабак алышы керектигин баса белгилеген Эрдоган Хиросима тынчтык паркындагы пьедесталга жазылган  «Экинчи эч качан болбойт» сөзүнө токтолду.

Шаарга атом бомбасы ыргытылганда 2 жашта болгон жана алган жарааттарына карабастан дагы 10 жыл жашаган Хиросимадан жабыркаган балдардын символу болгон Садако Сасакини эске салган Эрдоган: «Ондогон драмаларга карабастан, Сириядагы, Йемендеги, Палестинадагы балдар өлүмгө жана согуштун оорчулугун көтөрүүгө түртүлүүдө. Өлүмдү алар качкын кайыгында, мектеп учурунда, көчөдө, кээде өзүлөрүн коопсуз сезишкен энелеринин кучагында көрүшөт. Бул кайгынын экинчи кайталанбашы үчүн балдарыбыз жана кийинки муундарыбыз үчүн «Экинчи эч качан», сөздөрүн айтты.

Эрдоган, түрк акыны Назым Хикметтин  «Эшикти тыкылдатып жатам, жеңеси, агасы, кол койгула. Балдар өлтүрүлбөсүн, алар момпосуй жей алышсын» деген ыр саптары менен бүтүрдү.

Эскерүү аземине президент Эрдогандын атынан, Түркиянын Токиодогу элчиси Хасан Мурат Мержан жана анын делегациясы катышты.



Тектеш кабарлар