Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу : "Ливанда 6 түрк жараны жараланды"
Операция болгон бир түрк жаранынын абалы жакшырып баратат.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кечээ Ливандын борбор шаары Бейрутта болгон жарылууда 6 түрк жаранынын да жаралангандыгын билдирди.
Мевлүт Чавушоглу твиттерден берген маалыматта : «Ливандагы жарылууда жараланган жарандарыбыздын саны 6га жогорулады. Беш киши жеңил жараланып, операция болгон жараныбыздын абалы жакшырып баратат. Үй - бүлөлөрү менен да байланыш ичиндебиз»,- деп билдирди.
Кечээ Бейрут портунда жарылуучу заттар сакталган 12 номердүү кампада оболу өрт чыккан андан кийин Бейруттун баарын термелткен абдан күчтүү жарылуу болду.
Ливандык жетекчилер 6 жыл бир кампада кармаган 2 750 тонна аммиак селитрасын Африкада бир өлкөгө жиберип жатканда жарылганын билдирген.
Ливан Кызыл Крести Бейрутта болгон жарылууда 100 кишинин каза болгонун, жаралангандардын саны 4000ге жеткенин билдирген.