Түркияда коронавирус көрсөткүчтөрү
Акыркы 24 саатта вирустан 18 киши көз жумду.
1467028
Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 18 киши көз жумуп, илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 5 миң 765 деп катталды.
Ошол эле убакыттын ичинде 46 миң 249 тест жасалып, 1 миң 83 кишиде вирус аныкталды.
Ооруканадан айыгып чыккан 994 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 218 миң 491ге жогорулады.