Түркия Ковид-19 вакцинасын иштеп чыгуу боюнча Индонезия менен казматташа алат

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, видео конференция аркылуу Индонезиянын Изилдөө жана технологиялар министри Бамбанг Броджегегоро менен сүйлөштү.

1464710
Түркия Ковид-19 вакцинасын иштеп чыгуу боюнча Индонезия менен казматташа алат

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк Түркиянын жаңы түрдөгү коронавируска (Ковид-19)  каршы вакциналарды иштеп чыгуу боюнча эксперименталдык долбоорлор жана өндүрүш процесси боюнча Индонезия менен кызматташат деп билдирди.

Варанк видео конференция аркылуу Индонезиянын Изилдөө жана технологиялар министри Бамбанг Броджегегоро менен сүйлөштү.

Министр Варанк, Түркиянын Илимий жана Технологиялык Изилдөө Кеңеши (TUBITAK) Түркиянын Ковид-19 платформасынын алкагында аткарылган кээ бир дары-дармек жана вакцина долбоорлорунда клиникалык баскычка жетип калгандыгы жөнүндө маалымат берип, басылып өткөн жол кубандырат деди.

Индонезиянын мамлекеттик компаниясы Био Фарма дүйнө жүзүндөгү бир нече вакцинаны чыгаруучу компаниялардын бири экендигин баса белгилеп, анын жогорку өндүрүмдүүлүгүнө токтолгон Варанк:

«Биз Индонезия менен клиникалык этаптагы вакциналарды (адамдык) эксперименттерде жана ири көлөмдө өндүрүү боюнча кызматташтыкта ​​боло алабыз. Биз бир топ аралыкты басып өттүк, биз өз тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө даярбыз. Ушул шартта биздин тийиштүү мекемелердин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлушу мүмкүн»,-деди.

Түркиянын «Улуттук согуштук учагы» долбооруна да токтолгон Варанк, Индонезия менен авиациялык долбоорлордо кызматташууга даяр экендиктерин билдирди.

Варанк, 20 жылдык кыялдарын орундатышып Түркиянын космостук агенттигин кургандарын эске салып, «Биз өз спутникибизди, анын ичинде анын критикалык компоненттерин да жасай алабыз. Бул маанилүү жөндөмдүүлүк»,-деп айтты.

Варанк Индонезиянын учуруу базасы темасында өзгөчө географиялык абалга ээ экендигин белгилеп, мындай деди: «Космоско жетүү биз үчүн өтө маанилүү. Биз Индонезиянын Биак аралындагы бул жаатта башка өлкөлөр менен кызматташып жаткандыгын билебиз жана бул маселе боюнча кызматташууга даярбыз»,деген баа берди.



Тектеш кабарлар