Түркиянын Ливан тууралуу билдирүүсү

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, кээ бир Ливан саясатчыларынын Түркия тууралуу айыптоолоруна байланыштуу суроолорго жазуу жүзүндө жооп берди.

1463536
Түркиянын Ливан тууралуу билдирүүсү

Түркия, Ливандын биримдиги жана бүтүндүгү үчүн тынчтыкка жана ырааттуулукка чоң маани бере тургандыгын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, кээ бир Ливан саясатчыларынын Түркия тууралуу айыптоолоруна байланыштуу суроолорго жазуу жүзүндө жооп берди.

Aксой: «Ливандын кээ бир саясатчылары тарабынан күн тартипке алып чыгылган, биздин өлкөнүн Ливандын түндүгүндөгү нааразычылык акцияларына колдоо көрсөтүү менен өзүнүн Ливандын ушул аймагындагы таасирин өркүндөтүүнү көздөп жатат деген айыптоолору негизсиз. Бул жаман ниеттүү билдирүүлөрдүн олуттуу кабыл алынуусу мүмкүн болбойт», деген сөздөр орун алды.

Ливандын биримдиги жана бүтүндүгү менен тынчтыкка жана ырааттуулугуна Түркиянын чоң маани бергендигин белгилеген Аксой: «Бул айыптоолорду айткандар Ливанды өзүнүн короосу катары көрө турган жана бул өлкөнүн ички иштерине кийлигишкендерди жакшы билишет»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар