Немис басма сөзүнөн Түркиянын коронавируска карата көргөн чараларына мактоо

Немис туризм журналы "Touristik Aktuell"  Түркиянын жаңы тип коронавирус процессинде көргөн чаралары тууралуу сөз кылган.

1463934
Немис басма сөзүнөн  Түркиянын коронавируска карата көргөн чараларына мактоо

Немис туризм журналы "Touristik Aktuell"  Түркиянын жаңы тип коронавирус процессинде көргөн чаралары тууралуу сөз кылган.

Түркиянын ишенимдүү эс алуу жолдорун таанытуу максатында Германиянын 7 шаарынан чакырылган 35 туризм профессионалынын «Измир -  Кушадасы» сапары белгилүү туризм журналы "Touristik Aktuellде" орун алды.

Журналдын редактору Матиас Гюртлердин кабарында маданият жана туризм министрлигинин Түркия туризм таанытуу жана өнүктүрүүү агенттиги SunExpressтин  кызматташуусунда өткөн күндөрдө уюштурулган Измир  - Кушадасы таанытуу  саякатынын жыйынтыктарын тема кылып алган. Кабарда Түркиянын эс алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жазылып, маданият жана туризм министринин орун басары Надир Алпарсландын : «Конокторубузга ишенимдүү эс алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштоону каалайбыз»,- деген сөздөрүнө көңүл бурулду.

Кабарда Түркия туризм таанытуу жана өнүктүрүү агенттигинин сектордогу «бирдиктүү гигиена чараларын» чечкиндүүлүк менен ишке ашырганы да баса белгиленди.  

Мейманканаларда көрүлгөн чаралар тууралуу туризм профессионалдарынын көз караштары болсо : «Ар бир мейманканын алдында бут кийимдер автоматтык түрдө дезинфекцияланууда. Бардык коноктордун температуралары өлчөлүүдө. Бардык жерде социалдык аралыкты эскерткен белгилер бар. Буларга кошумча катары бөлмөлөр дезинфекцияланууда. Кабылдамада  бет кап колдонуу мажбур. Катышуучулар түрктөрдүн кубанычтуу тосусуп алуусунан абдан таасирленишти»,- деп билдирилди.

Жазуу бул сөздөр менен аяктаган : «Катышуучулар үчүн мыкты кабар. Cаякаттан кийин эч кимдин тести позитив чыккан жок. Германияга кирип жатканда эч кимдин ден соолугунда маселе чыккан жок. Ушунун негизинде Түркиянын эс алуу элчилери экинчи турду чыдамсыздык менен күтүүдө».



Тектеш кабарлар