Түркия АКШга "Укук мамлекети" каршылыгын көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой,жазуу түрүндөгү маалыматында АКШнын Мамлекеттик катчылыгынын Осман Каваланын камактуулугунун соңуна чыгарылышына карай чакырыгына катуу жооп кайтарды.

1463304
Түркия АКШга "Укук мамлекети" каршылыгын көрсөттү

Түркия, эч бир мамлекеттин Түрк сотторуна сот жараяны туурасында буйрук бере албай турганын жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, жазуу түрүндөгү маалыматында АКШнын Мамлекеттик катчылыгынын Осман Каваланын камактуулугунун соңуна чыгарылышына карай чакырыгына катуу жооп кайтарды.

АКШнын чакырыгынын укук мамлекети принцибине жарашпаганына көңүл бурган Аксой буларды айтты: «Осман Кавала туурасында уланып жаткан сот жараяны бар. Көз карандысыз соттор тарабынан жүргүзүлгөн бул процесске ар ким урмат-сый көрсөтүшү керек. Ошондуктан аты аталган киши туурасында өткөн февраль айында акталуу чечими чыгарылган болуп, колго өткөн жаңы далилдердин алкагында учурда башка кылмыш боюнча камакта турат».

АКШнын билдирүүсүн «карама-каршылыктуу» деп мүнөздөгөн Аксой: «Тема ФЕТӨ (Фетхуллахчы террордук уюму) корбашчысынын өлкөбүзгө тапшырылышына келгенде укуктук процесстерди шылтоо кылган, ал эмес Халкбанктын мурдагы башкы директору Хакан Атилланы кандайдыр бир доо процессин баштабастан айлап камакта кармагандардын өлкөбүздө уланган доого мынчалык кийлигишүүсү карама-каршылык жаратууда»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар