Түркия Украинанын жеринин бүтүндүгүн колдоону улантат

Түркия Украинанын жеринин бүтүндүгүн коргоо үчүн колдоосун улантарын билдирди.

1462477
Түркия Украинанын жеринин бүтүндүгүн колдоону улантат

Түркия Украинанын жеринин бүтүндүгүн коргоо үчүн колдоосун улантарын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой Украинанын чыгышындагы ок атышпоого байланыштуу түзүлгөн макулдашуу тууралуу  суроого жазуу түрүндө жооп берди.

Аймакта 27 -  июлдан тарта туруктуу жана кенен масштабдуу ок атышпоого байланыштуу кошумча жана күчтөндүрүүчү чаралардын  алынышы тууралуу Европа Коопсуздук жана Кызматташуу Уюму ЕККУнун үч тараптуу байланыш группасынын негизинде түзүлгөн макулдашууну ыраазычылык менен кабыл алышкандарын белгилеген Аксой тийиштүү бардык тараптардын бул макулдашууга ылайык кыймыл кылышын күтүп жатышкандарын айтты. Аксой : «Түркия Украинанын жеринин бүтүндүгүн коргоо жана Минск келишимдеринин ишке ашырылышынын негизинде аймакта тынчтыктын орношуна карата аракеттерди колдоону улантат»,- деди.

Украина президенттик кеңсесинен берилген маалыматта Украина кризисинин чечилиши үчүн түзүлгөн үч тараптуу  байланыш группасынын жыйынынан кийин тараптардын Минск келишими боюнча чыр  - чатактарды токтотуу тууралуу макулдашууга барышканы  белгиленген.

Ок атышпоонун 27 -  июль күнү саат 00:01ден тарта ишке кирери билдирилди.

Украинанын чыгышындагы Россия жактоочусу жикчилдер менен Киев башкаруусунун ортосунда 2014 -  жылдан бери чыр  - чатактар улантылууда.



Тектеш кабарлар